Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Кенияда каракчылар француз кемпирди уурдап кетишти


Кениянын Сомалиге чектеш аймагындагы ажайып аралда эс алып жүргөн франциялык байбичени деңиз каракчылары уурдап кетишти. Француз кемпирди сомалилик каракчылар уурдады деп шектелүүдө. Кениянын туризм министри Нажип Балаланын маалымдашынча, Манда аралында акыркы үч аптада экинчи жолу дем алып жүргөн чет жерликтер уурдалды. Сентябрдын башында сомалилик каракчылар британиялык эркекти атып салып, зайыбын уурдап кетишкен. Каракчылар британ аялды кун төлөп бошотуу максатында барымтада кармоодо деп боолголонууда.

XS
SM
MD
LG