Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Каддафинин кичи мекени үчүн уруш жүрүүдө


Ливиянын утурумдук өкмөтүнүн күчтөрүнүн Муаммар Каддафиге ишенимдүү аскерлердин урушунан улам Сирта шаарын жергиликтүү эл таштап кетишкени маалымдалууда. 30-сентябрь күнү Каддафинин киндик каны тамган Сиртадан 100 миңдей адам унаа менен чыгып кеткен.

Сиртанын чыгыш жана батыш тарабында танктардын жана артиллериялык куралдардын үнү жаңырып, ортолук бөлүгүнөн кочкул кара түтүн асманга көтөрүлүүдө. Өкмөттүк аскерлерге НАТОнун учактары көмөктөшүүдө. Антикаддафичил күчтөр беш күндөн бери Сиртанын чыгыш бөлүгүндө алга жыла албай турат.

XS
SM
MD
LG