Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

АКШда кыргыздар өз башчыларын шайлады


Бүгүн (2-октябрда) АКШнын Огайо штатында 100дөн ашуун кыргыздар чогулуп, жергиликтүү диаспора лидерлерин шайлашты. Кыргыз диаспорасынын Нью-Йорктогу кординатору болуп Эрнис Исабеков, Пенсилвания штатында Сүймөнкул Табылды уулу, Огайодо Бакай Оморов жана Иллинойс штатында Улан Шоруков мындан ары диаспораны жетектөө иштерин жүргүзүшмөкчү.

Аталган лидерлерди тааныштырган Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев ар бир шаардагы кыргыздардын үнүн угуп, маселени чогуу чечүүгө чет өлкөлөрдөгү диаспоралык топтордун салымы чоң экендигин баса айтты.

Ушул күндөрү Огайо штатында АКШдагы кыргыздардын футболдук таймашы өтүп, анда алты топ (курама команда) ат салышууда. Бул тууралуу учурда АКШда чыгармачыл сапар менен жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев кабарлады. (ЕК)

XS
SM
MD
LG