Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Кызыл Чырым: Ливиянын Сирта шаарында абал өтө катаал


Кызыл Чырым (Крест) уюмунун маалымдашынча, Муаммар Каддафи туулган Сирта шаарында жагдай аябай оор. Калаа калкы Убактылуу өкмөттүн аскерлери менен каддафичил күчтөрдүн аткылашуусунан жапа чегүүдө.

Кызыл Кресттин өкүлүнүн айтымында, шаардык ооруканада дары-дармектер өтө тартыш; ошондой эле урушка жана НАТОнун бомбалоосуна байланыштуу жарадарлар госпиталга жете албай жатат. 1-октябрда Кызыл Кресттин командасы Сиртага гуманитардык жардамды жеткирер замат жаңы өкмөткө караштуу күчтөр калаага ар тараптан чабуул койо баштады, - деп билдирди уюмдун өкүлү.

100 миң калктуу калаанын калкы автомобилине бензин куйуп алуу үчүн 800 долларга чейин төлөшүүдө деген да кабар бар.

XS
SM
MD
LG