Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

БШК тил сынагынан өткөндөрдүн топтогон колдорун текшере баштады


БШК бүгүн президенттикке талапкер болуп катталам деген 8 адамдын топтогон колдорун кайрадан текшере баштады. Боршайкомдон "Азаттыкка" маалымдашкандай", Токтайым Үметалиева, Уланбек Сооданбеков, Калыбек Арабаев, Нариман Түлеев, Турсунбай Бакир уулу, Төрөбай Колубаев, Сооронбай Дыйканов жана Акбараалы Айтикеевдин топтоп келген колдору текшерилет.

30 миң анык кол топтой алган жок деген негизде БШК аларды тил сынагына киргизбей, маарадан четтеткен. Бирок Жогорку Сот да, Жогорку Кеңеш да алардын пайдасына чечим чыгарып, тиешелүү токтом кабыл алышып, тил сынагына киргизилсин дешкен. Сегиз адам тең кыргыз тил сынагынан ийгиликтүү өтүштү. Бирок топтолгон колдорду саноо кайра башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG