Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Ливияда Каддафи төрөлгөн шаардан миңдеген адамдар качып кетишүүдө


Анткени бийликтен кулатылган лидер Муаммар Каддафинин күчтөрү менен Ливиянын улуттук өткөөл кеңешинин күчтөрү Сирте шаарында эки аптадан бери атышып жатышат. “Кызыл чырым” эл аралык уюмунан билдиришкендей, 70 миң тургуну бар шаардан 10 миңден ашуун киши чыгып кетти. Качып кеткен тургундардын айрымдары айтышкандай, жолдо дары-дармекке жетпей жан бергендер да көп болду. Кызыл чырымдын тобу да ишембиде бул шаарда болгондон кийин, медициналык чукул чаралар көрүлүшү зарылдыгын айткан.

Топтун өкүлү Дибех Фахр: «Биздин кызматкерлер Сиртеге Мисрата аркылуу барып, соңку апталарда уруштун астында калган шаардагы абалды өтө оор деп сүрөттөштү, - деди. - Догдурлар, дары-дармектер тартыш экенин, ооруканалар араң эле иштеп жатканын айтышты. Инструменттер, кычкылтек балондору, керек болсо, суу да тартыш экен".

XS
SM
MD
LG