Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Кварталдык милициянын ишмердүүлүгү талкууланат


Бүгүн Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында “Кварталдык милициянын террорчулуктун, экстремизмдин жана радикалдашуунун алдын алуудагы ролу” аттуу конференция өткөрүлөт. Анда участкалык милиция кызматкерлеринин ишин жакшыртуу үчүн колдонула турган ыкмалар талкууга алынат. Маселен, милициянын карапайым адамдарга жакын болушу үчүн өтүлгөн семинарлардын жыйынтыгы айтылат. Бул иш-чарага ЕККУ өкүлдөрү, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, коңшу Тажикстан менен Казакстандан коноктор катышат.

ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бурул Усманалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, аталган уюм Кыргызстанда кеминде төрт жылдан бери кварталдык милицияга арналган семинарларды өткөрүп келет. Бул семинарларда милиция кызматкерлерине кылмыштуулукка, экстремизмге каршы күрөшүүдө жергиликтүү жарандар менен кошо иштешүү усулдары үйрөтүлөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG