Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Курманжан Датканын мааракесине арналган спорт оюндары башталды

Бүгүн Алайда Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине арналган спорттук оюндар башталды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага Кыргызстандын ар бир облусунан келген командалар катышат. Улуттук оюндардын 9 түрү боюнча мелдеш өтөт. Оюндардын ачылыш салатанатына Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков катышты. Жеңүүчүлөр 8-октябрда аныкталат. Байгеге 6 автоунаа коюлган. Мындан тышкары, сыйлыктар үчүн 1 миллион 700 миң сом каралган. (MTo/RK)
XS
SM
MD
LG