Сомалинин баш калаасы Могадишодон түшүп жаткан такталбаган кабарларда өкмөттүк имараттардын жанында жарылуу болгону, кеминде 55 адам өлүп, көптөгөн кишилер жаракат алганы айтылууда. Ал жерде жанкечти өзүн-өзү жардырганы тууралуу да кабарлар бар. Жардырууну “Ал-Шабаб” деген исламчыл козголоңчулардын кыймылы жасаганын айтышты. Бул кыймыл “Ал-Каида” менен байланышы бар, Сомалинин борбордук жана түштүк бөлүгүн көзөмөлдөп турат.