Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленүүдө


Оштун 3011 жылдыгына карата бүгүн шаарда бир катар майрамдык, спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн таң эртең менен шаар бийлиги 5-октябрда жарык дүйнөгө келген ымыркайларды куттукташат. Ошондой эле шаар күнүнө карата эки улуттун өкүлдөрүнөн куралган үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сыйлыктар тапшырылат. Мындан тышкары Ак-Буура дарыясын бойлой жайгашкан көчөнүн жана Барсбек кагандын эстелигинин ачылышы болот. Майрамдык иш-чараларга шаар мэри Мелис Мырзакматов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат. 2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG