Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Экстремист делген 1315 адам милицияда каттодо турат


Ички иштер министрлигинин экстремизм менен күрөшүү боюнча 10-башкы башкармалыгынын башчысы Таалай Акбаевдин маалымдашынча, жыл башынан бери эле Кыргызстанда экстремизм аракеттери боюнча 114 кылмыш иши козголгон. Ал эми экстремист делген 1315 адам каттодо турат.

Анын ичинде 1166 адам “Хизб ут-Тахрир”, 56 адам “Ваххабий” диний-экстремисттик уюмунун адамдары. Ал эми “Акрамий” диний-экстремисттик уюмунун 36 мүчөсү жана “Байат” диний-экстремисттик уюмунун 4 мүчөсү бар. Мындан тышкары, салафизм диний агымынын 25, ал эми суфизм агымынын 26 адамы каттоодо турат.

Тартип коргоо органдарынын билдиришинче, Кыргызстанда расмий тыюу салынган 8 террористтик жана экстремисттик уюм бар. Учурда башка да шектүү делген уюмдардын иш-аракеттери иликтөөгө алынууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG