Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Катуу шамал электр зымдарына зыян келтирди


4-октябрда Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамалдан улам авариялык өчүрүүлөр болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Түндүкэлектро" ишканасынын маалымат кызматкери Астра Базаркулова маалымдады. Анын айтымында, бак-бутактар сынып электр чубалгыларды үзүп кеткендиктен, Чүй областы боюнча 13 фидер, Таласта 6 фидер, ал эми Бишкек шаарында 8 фидер бүлүндү. Азыркы учурда аларды оңдоп калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. 3-октябрда да катуу шамалдын айынан Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде авариялык өчүрүүлөр болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG