Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Сотто адвокатты коркутуп-үркүтүү болду


4-октябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун сотунда адвокат Назгүл Сүйүнбаеваны коркутуп-үркүтүү болгонун "Эдвокаси борбордун" маалымат кызматы билдирди. Күбө катары чакырылган бир нече аял соттук отурум учурунда кыйкырып, адвокатты коркутушкан. Сүйүнбаеванын жакындары ал үчүн кооптонуп жатканын айтышты.

Жалал-Абаддын өзбек улуттук-маданий борборунун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июнь коогасын уюштурган деген негизде соттолуп жатышат. Өзүлөрү эл аралык издөөдө болгодуктан, алардын соту сырттан өтүп жатат. Тергөөчүлөр алардын күнөөсү далилденген дешет. Бирок соттолуучулар күнөөлүү эмеспиз дешет. Кийинки соттук отурум 11-октябрда болот.

2010-жылдын июнунуда Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжалдан 400дөн ашык адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG