Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Ош шаар күнүн белгилөөдө


Бүгүн Ош шаары өзүнүн туулган күнүн белгилеп жатат."Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, таң эрте шаар жетекчилиги борбордук төрөт үйүнө барып соңку сааттарда төрөлгөн ымыркайлардын энелерин куттуктап, белектерди тапшырышты. Жаңы төрөлгөн кыз баланын бирин ата-энеси Алай канышасынын атынан Курманжан деп аташканы маалым болду. Шаар күнүнө арналып элдердин достугу эл аралык фестивалы да өткөрүлдү. Иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты - улуттар аралык достук мамилени чыңдоо, жаштарга дүйнө элдеринин маданиятын, каада-салтын таанытуу болуп эсептелет.Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай, Жапония, Улуу Британия, Германия, Пакистан өлкөлөрүнүн ОшМУда окуган, иштеген өкүлдөрү жана студенттери ар түрдүү улуттардын ыр-бийлерин аткарышып, улуттук тамак-ашынын, кийимдердин үлгүлөрүн көрсөтүштү. 6-республикалык спартакиаданын ачылыш салтанаты да болду. (RK)

XS
SM
MD
LG