Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

БУУнун Сирия боюнча резолюциясы өтпөй калды


Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча резолюция долбооруна вето коюшту. Документте антиөкмөттүк чыгууларды күч менен басып жаткан Дамаск өкмөтүнө каршы чара көрүү каралган. Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин долбоор “тирешүү философиясына” негизделгенин айтты. Кытай өкүлүнүн пикиринде, резолюция Сирияга жардам берүүнү эмес, кысым көрсөтүүнү гана көздөйт.

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс Кытай менен Орусиянын каршы добуш беришин катуу сындады. Сириядагы окуялар региондогу коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканы көз жаздымда калышы өкүнүчтүү деген элчи, “кээ бир мамлекеттер Сирия элине жардам берүүнүн ордуна режимге курал сатууну артык көрүшөт”, деп айыптады.

Документке “санкция” деген сөз камтылбаганы менен, Дамаск өкмөтү оппозицияга каршы репрессияларды токтотпосо, чаралар көрүлөрү эскертилген. Бээжин менен Москва резолюцияга Сириянын ички иштерине кийлигишпөө тууралуу берене киргизилсин деп буга чейин талап кылып келишкен. БУУнун маалыматына ылайык, антиөкмөттүк демонстрациялар башталгандан бери Сирияда эки жарым миңдей киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG