Кыргызстан президенттик шайлоону ачык өткөрүү жагынан Борбор Азия мамлекеттери үчүн үлгү болушу керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттер менен жолугушууда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ламберто Заньер билдирди. Ал кыргызстандыктарды шайлоого катышып, өлкөдөгү демократиянын мындан аркы өнүгүүсүнө салым кошууга үндөдү. Заньер алдыдагы президенттик шайлоонун жакшы өтүшү өлкөдөгү тынчтыктын жана коомдогу ишенүүчүлүк мамилелердин калыптанышына да зор өбөлгө болоорун айтты. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Өлкө башчысынын кызматы үчүн ат салышып жаткандардын саны 19 адам. (RK)