Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

“Курманжан датка” шаардык театрда


Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 4-октябрда Таалай Осмоновдун “Кайраттуу, ыйык Курманжан” аттуу драмасынын негизинде коюлган жаңы спектаклдин бет ачарын Орус драма театрында өткөрүштү.

Спектакль Курманжан датканын беш көкүл кезинен башталып, жаш келин кезиндеги окуяларды камтыйт.

Өткөн доордун кыйын кезең мезгилинде, өмүрлүк жолдошу Алымбек даткадан айрылып, Кокон хандыгынын эки жүздүү саясатына, Орус падышачылыгынын баскынчылыгына туруштук берип, кыйчалышта жол тапкан акылмандуулугу, сабырдуулугу менен тоолук кыргыздарды кыргындан сактап калган көрүнүштөр сүрөттөлөт.

Негизинен декорациялык жасалгалар менен артисттердин кыймыл аракети шайкеш келип, окуялар биринин артынан бири улашып, оюн жандуу өттү.

Спектаклдин режиссеру Алтынбек Максүтов буга чейин башка театрлар койгон Курманжан датка тууралуу бир нече оюндарды көргөнүн, алардан айырмаланып датканын эмес, даанышман эненин образын ачып берүүгө аракет кылганын айтты.

- Курманжан датка энебиздин улуулугу ички дүйнөсүнүн, духунун күчтүүлүгүндө деп ойлойм. Мен датканын тышкы жасаган иштерине басым жасаган жокмун. Тескерисинче, аял болобу, эркек болобу ички руху күчтүү болсо, бардык маселени чече билет деген көз карашты кармадым.

Спектаклде Курманжан датканын кенже уулу Камчыбектин орус падышачылыгынын жасоолдорунан бейкүнөө ажал тапканы кейиштүү сүрөттөлгөн.

Оюндун соңунда Курманжан датка уулдарынын тагдырынан да элдин бейпилдигин, журттун коопсуздугун, жердин бүтундүгүн жогору койгонун айтып, эл башындагыларга "адилеттүү бийлик жүргүзүп, калктын камын ойлогула",-деген аманатын калтырат.

Спектакль бүткөндөн кийин Рашбек Асанов аттуу көрөрман пикирин мындайча билдирди:

- Менимче спектаклге түштүк кыргыздардын салт-санаасын көбүрөөк кошсо, оюн дагы көркүнө чыгат беле... Шашылыш даярдалганы сезилип турат. Бирок режиссер айтайын деген оюн толук жеткире алган.

Театрдын директору Урмат Белекбаев каражаттын жоктугунан улам Свердлов райондук акимиатына канатташ Бишкек шаардык театрын оңдоп-түзөө иштери эки-үч жылдан бери токтоп турганын белгилеп, аргасыз 19-сезонун Орус драма театрынын сахнасында ачышканын билдирди.
XS
SM
MD
LG