Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Бүгүн “Москва-Астана-Бишкек” авто жүрүшү башталат


“Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Бакыт Жумагуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн “Достук, тынчтык жана биримдик кербени” деп аталган авто жүрүш Москвадан башталат. Натыйжада Москва-Алтай-Екатеринбург-Астана-Бишкек маршруту боюнча жеңил унаа жүрүшкө түшөт. Символикалуу түрдө “Манас” эпосундагы кырк чорону эске алып, жүрүшкө 40 унаа катышканы жатат. Бул унааларды Кыргызстан жарандары гана эмес, кыргыз элине тиешеси бар ар кыл улуттун өкүлдөрү айдап келишет. Кербенчилер Бишкекке 10-октябрда келери күтүлүүдө. Бул долбоорду “Замандаш” кыргыз диаспораларынын ассоциациясы жана Кыргызстандын эмгек мигранттарынын регион аралык коомдук кыймылы уюштурууда. Долбоордун бюджети $200 миң түздү. (KKs)

XS
SM
MD
LG