Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Быйыл Орусияда жүздөн ашык кыргызстандык каза тапты

Быйылкы жылдын 8 айында Орусиянын аймагында жүздөн ашык кыргызстандык каза тапкан. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин мекендештер жана мигранттар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, 8 ай ичинде 102 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилген. Алардын арасында өз ажалынан көз жумгандар жана чыр-чатакта, өндүрүштө кырсыкка кабылгандар бар. (MTo/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG