Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Ош базарынан кетирилгендер шаар бийлигине нааразы


Ош базарынын тегерегиндеги жайма базарларда соода кылгандардын баары тегиз кетирилиши керек. Мындай талап менен бүгүн Бишкектин Ленин районунун аймагында жайгашкан "Дордой-Моторс" соода борборунун 50-60 соодагери чыкты. Алар негизги автожолдун боюна чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.

Ал соодагерлер мурда Ош базарынын тегерегинде иштешчү. Шаар бийлигинин чечими менен "Дордой-Моторско" көчүрүлгөн. Бирок алар кетип, калгандар дагы эле баягыдай иштеп жатканына нааразы. Мындан тышкары "Дордой-Дыйкан" базарынан Кара-Балта тарапка каттаган маршруттук унаа үчүн бекет куруп берүү, ижара акысын азырынча талап кылбай туруу өтүнүчү да айтылды. Митингге чыккандар менен район акими Алтынай Өмүрбекова жолугушуп, 11-октябрга чейин алардын койгон талаптары боюнча маселе такталып, маалымат берилээрин убада кылды. Шаар бийлиги Ош базарынын тегерегиндеги күркөлөрдүн баары алынып, жайма базарлар тазаланаарын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG