Орусияда Кыргызстандын президентин шайлоого катыша албай калгандарга байланыштуу жагымсыз жагдай түзүлүп калышы мүмкүн. Мындай кабатыр пикирин "Азаттыкка" берген интервьюсунда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кенешчиси Болотбек Мукашев билдрди. Анын айтымында, Москвада консулдук каттоого алынган кыргызстандыктардын саны 6 700 адам. Бирок чынында Россиянын борборунда 150 миң кыргызстандык бар.
"Шайлоодо саясый акциялар болот го, конфликттик кырдаалдар көбөйөт го деген коркунуч бар бизде", - деди Мукашев.
Азыркы шайлоо мыйзамдары боюнча, добуш берүүгө расмий түрдө тизмеге киргендер гана укуктуу. Мурдагыдай кошумча тизме боюнча добуш берүү болбойт.
Мукашевдин айтымында, азырынча президенттикке талапкерлер Орусияда үгүт иштерин башташа элек. Адатта үгүт добуш берүү күнүнө бир жума, он күн калганда башталат. Былтыркы парламенттик шайлоодо Орусияда 18 добуш берүү бекети ачылган. Быйыл Москвада, Екатеринбургда жана Новосибирскте гана ачылат. (AzK/RK)