Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Нобелдин тынчтык сыйлыгы үч африкалык аялда


2011-жыл үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгы үч аялга ыйгарылды. Алар: Либериянын президенти Эллен Жонсон Серлиф, либериялык тынчтык жактоочу Лейма Гбови жана йемендик адам укугун коргоочу Таваккул Карман.

Сыйлык аларга, нобелдик комитеттин билдиришинче, “аялдардын укугу жана коопсуздугу үчүн зобун-зордугу жок күрөшүп, тынчтыкка жетишүүгө жигердүү катышкандары үчүн” берилген.

Эллен Жонсон Серлиф 2006-жылы Африкада демократиялык жол менен шайланган биринчи аял президент.

Лейма Гбови Либериядагы жарандык согушту токтотууга бардык этностогу жана диндердердеги аялдарды кеңири тарткан.

Таваккул Карман йемендик аялдардын өз укуктары жана демократия үчүн күрөшүүсүнө үлкөн салым кошкон. 2007-2010-жылдары Санаада үзбөй демонстрация уюштурган.

XS
SM
MD
LG