Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Депутаттар ИИМдин ишин жетишсиз дешти


Күйүүчү-майлоочу материалдарды республикадан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу, ошондой эле кадрлык жана башка маселелер боюнча Ички иштер министрлигинин жасап жаткан иши жетишсиз. Мындай токтом парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Ага министр Зарылбек Рысалиев өзү катышты. Суроо-жооп учурунда ИИМдин кампасынан 16 курал-жаракты уурдап саткандар камакта экени маалымдалды. Кызматтан четтетилип, кайра алынбай жаткандар боюнча депутаттар тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылды. Министр Рысалиевдин айтымында, белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү делгендерди кайра кызматка алуу кылмыштын ачылышына бөгөт болот. Токтомго ылайык, ИИМ тарабынан тыңшоочу аппарат сатылынып алынды делген маалыматты тактоо боюнча тапшырма Улуттук коопсуздук кызматына жана Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине берилди. Мындан сырткары, ИИМге республикалык бюджеттен каралган каражаттын толугу менен бөлүнүп берилиши керектиги айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG