Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Шайлоодо сабырдуу болуу лагери уюштурулат


ЮНИСЕФ балдар кору жана “Сабырдуулук үчүн” коомдук уюму шайлоо алдында жаштардын тынчтык лагерин уюштурат. Долбоор Чүй аймагынын жигердүү жаштарынын жарандык дымагын көтөрүп, шайлоо алдында Кыргызстандагы стабилдүүлүккө салым кошууну көздөйт.

Буга чейин мындай тынчтык лагерлери Ош жана Жалал-Абад жаштары үчүн 21-26-сентябрь күндөрү уюштурулган. Анда жаштар шайлоо алдында ар кандай талаштуу кырдаалды кантип чечүү керек деген маалымат алышат.

Иш-чара соңунда сынак уюштурулуп, жаштарга байланыштуу долбоорлор үчүн бир миң долларга дейре гранттык каржылоо мүмкүнчүлүктөрү ачылат.

Тынчтык лагери 10-октябрда “Кой-Таш” эс алуу борборунда башталат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG