Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

БУУнун кыйноолор боюнча репортерлору келет


Жыл этегинде түштүккө Бириккен Улуттар уюмунун кыйноолор маселеси боюнча репортерлору келерин БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, адам укуктарын басмырлоо түштүктө негизги маселелерден болууда. “Тартип коргоо орган өкүлдөрүнөн өзбек тектүүлөр көп жабыркап жатат,” – дейт Аванесов.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү милиция өзбек тектүү жарандарды кызматтык күбөлүгүн көрсөтпөстөн кармап, камалганын жакындарына кабарлабай, абакта аларга зомбулук көрсөтүлүп жатканын айтты. Ошондой эле Аванесов күзөт кызматы кармалгандарды кээде каттоого албай, алардын адвокаттарды жалдаганга мүмкүндүк бербей жаткандыгын белгилеген. (ЕК)

XS
SM
MD
LG