Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Эки күндүк жүрүштө 308 айдоочу кармалды


ИИМ алдындагы Жол коопсуздугу башкармалыгы 6-7-октябрь күндөрү Бишкек шаары боюнча жол эрежелеринин сакталышын текшерди. Анын жыйынтыгында 308 айдоочу кармалып, ар бири боюнча административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу 8-октябрда Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Көзөмөлдүк жүрүштө Бишкекте айдоочулар көбүнчө керектүү документсиз рулга отурары, унаа айнектерин күңүрттөөсү жана коопсуздук курун тагынбасы аныкталды.

Айрым айдоочулардын унаалары атайын айыпка жыгылгандар жайына жеткирилди. Жол коопсуздугу башкармалыгы ушул өңдүү көзөмөл жүрүштөр алдыда дагы уюштуруларын эскертет. (ЕК)

XS
SM
MD
LG