Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Азербайжан Ислам партиясынын лидери 12 жылга камалды


Мовсум Самадов менен кошо кечээ Бакуда өткөн сотто аталган партиянын дагы алты мүчөсү эркинен ажыратылды. Алар баары быйыл январда Самадов азербайжандыктарды “өлкөдөгү зөөкүр режимге каршы” көтөрүлүүгө чакырганда кармалган. Аларды “террор актысын жасаганга, бийликти мыйзамсыз жол менен алууга аракет кылган, ошондой эле мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн” деп айыпташты. Камалгандар өздөрү айыптарды четке кагып, “саясий себептер” менен кармалышканын, аялдар хижаб кийип жүрүшүн жактаганы үчүн айыпталышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG