Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

“Талас Копер голд” компаниясы өрттүн чыгымдарын эсептөөдө


Таласта алтын кенин чалгындап жүргөн “Талас Копер голд” компаниясы дүйшөмбү күнү маалымат таратып, анда чет элдик компания 8-октябрдагы бейбаштык аракеттерден канча чыгым кеткендиги тууралуу маалымат берүү менен бул окуя боюнча өз турумун ачыктайт. Буга чейин ишкана жетекчилери лагерге болгон кол салуу боюнча дубандагы кабарчыбызга комментарий берүүдөн баш тарткан.

Кечээ, 8-октябрда Талас облусундагы Арал айылына жакын Талды-Булак алтын кениндеги “ Талас Копер голд” компаниясынын лагерине белгисиз адамдар кол салып, күзөт кызматкерлерине зомбулук көрсөткөн. Лагерге кире бериштеги күзөт бекети, коопсуздук кызматкерлери жаткан жатакана, ашканасы өрттөлгөн.

Жергиликтүү милиция бул факт боюнча бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Таласта алтын кенин чалгындап жүргөн “Талас Копер голд” компаниясына түштүкафрикалык жана британиялык ишкерлер инвесторлук кылат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG