Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бала асыроочунун жашы 60тан ашпоосу сунушталууда


Бала асыроону каалаган жарандардын жашы 60тан ашпоосу керек. Мындай сунуш Жогорку Кеңештин адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун автору Абдимуталип Кочкорбаевдин пикиринде, 60 жашар адам 2деги баланы асырап алган учурда да он жылдан кийин ал адамдын өзү кароого муктаж болуп калат. Талкуунун соңунда 60-63 жаш деген аныктама менен мыйзам долбоору жактырылды. Эми Үй-бүлө кодексине сунушталып жаткан бул өзгөртүүнү парламент кабыл алып, президент кол койсо турмушка ашырыла баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG