Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Дербишева: Интернатты эмес, үй-бүлөнү чыңдоо керек

Интернаттардагы 90 пайыз балдардын атасы дагы, энеси дагы бар. Бул тууралуу Социалдык коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишева билдирди. Анын айтымында, көп үй-бүлөлөр материалдык тартыштыктан улам балдарын интернатка берүүгө аргасыз. Интернаттагы бир тарбиялануучуга айына 7 миң сом бөлүнөт, ал эми үй шартында жашаган балага бериле турган пособие 270 сомду гана түзөт. "Азыр министрлик интернаттарды кароого эмес, үй-бүлөлөрдү чыңдоого багытталган долбоорду даярдап жатат", - деп белгиледи Дербишева. (EzK)
XS
SM
MD
LG