Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Москвада жабыркагандардын жарандыгы такталууда


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын метросунда жабыркагандардын жарандыгын тактап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтен кабарлашты. Элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон "Рижская" станциясында жана жабыркагандар жаткырылган ооруканаларга барып, маалымат алып жатышат.

9-октябрдын кечинде "Азаттыктын" Москвадагы кыргызстандык окурманынан "Биздин үч жараныбыз бычак жеп ооруканада жатат.Электричкадан түшкөн бир мас бычак менен орус полициясына каршылык көрсөтүп жатканда биздин мекендештер карап турбастан полицияга жардам көрсөтүп жатканда бычак жеп калышыптыр", -деген маалымат келип түшкөн болчу. Тартип коргоо кызматкерине жардам бергендер Кыргызстандын жарандары экенин бүгүн бир катар орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Москвадагы элчиликтен билдиришкендей, алардын экөө №6 жана №9 шаардык ооруканаларга жаткырылышкан. Ал эми Склифосовский атындагы медициналык мекемеге жаткырылган жаран биринчи жардам алгандан кийин ооруканадан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG