Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Египеттин өкмөт башчысы калкты тынчтанууга чакырды


Президент Хосни Мубарактын кулашына алып келген февралдагы толкундоолордон берки эң каргашалуу кагылышта аз дегенде 24 кишинин каны төгүлгөндөн кийин Египеттин премьер-министри Эссам Шарад өлкөдө демократиянын келечегине коркунуч келип жаткандыгы эскертти:

- Бул окуялар бизди артка тартып, элди дүрбөлөңгө салды, өлкөнүн келечегинен коркуп калды. Демократиялык жоболорго нагизделген заманбап өлкө куруунун ордуна, биз коопсуздук менен туруктуулукту кантип камсыз кылабыз, Египет элинин демократияны куруу нийетине бут тоскон тымызын күчтөр кимдер деп башыбыз катып отурат.

Чиркөөсүнүн өрттөлүшүнө нааразыланган мисир христиандары жекшемби күнү исламчылар жана коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан эле. Таш, күйүүчү шишелер ыргытылып, машиналар өрттөлгөн. Калктын 10 пайызын түзгөн христиандар феврал төңкөрүшүнөн кийин бийликти өзүнө алган аскердик кеңеш христиандарга каршы чабуулдарга көрмөксөн мамиле жасап жатат деп нааразы болушууда.

XS
SM
MD
LG