Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Үмөталиева менен Арабаевдин арыздарын сот канааттандырган жок


Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер болуп каттала албай жүргөн Токтайым Үмөталиеванын жана Калыбек Арабаевдин доо арыздарын канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим 10-октябрда кечинде кабыл алынганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Үмөталиева менен Арабаев Боршайкомду сотко беришкен болчу. Себеби БШК 6-октябрда анык кол топтой алган жок деген негизде аларды президенттикке талапкер кылып каттабай койгон. Шайлоо 30-октябрда болот. Катталуу үчүн БШКга кайрылгандардын жалпы саны 80ден ашкан. Алардын 24ү гана 100 миң сом күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес анык кол топтой алгандыктан талапкер болуп катталышкан. 10-октябрда талапкер Нариман Түлеев ат салышууга катышпай турганын айткан. Мурдараак талапкерликтен Марат Султанов баш тарткан. Ошентип учурда үгүт иштерин улантып жаткан талапкерлердин саны 22 болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG