Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Павлюктун өлүмү боюнча айыпталган Исманкулов 17 жылга кесилди


Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча иштин өкүмүн угузду. Кылмышты уюштурган деп табылган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17 жыл, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жана Шалкар Уразалин 11 жыл эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын сот процессине катышкан кабарчысы билдирет.

2009-жылы 16-декабрда көз карандасыз журналист Геннадий Павлюк Алматыда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде колу-буту таңылып туруп ыргытылган. 6 күн ооруканада эс учуна келе албай жатып 51 жашында көз жумган. Кыргызстандын жарандык коому менен бир катар эл аралык уюмдар журналисттин өлүмүн анын кесиби менен байланыштырып, буюртма өлүмдү уюштурган деп ал кездеги бийликти ачык айыптаган.

Ибрагим Рустанбек деген адабий ысымды алган Геннадий Павлюк өз учурунда “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген. “Белый параход” жана “Комсомольская правда в Кыргызстане” гезиттеринин башкы редакторлук кызматтарын аркалаган. Өмүрүнүн акыркы кезинде "Ата Мекен" деген оппозициялык маанайдагы интернет басылманы чыгаруунун үстүндө жүргөн.

XS
SM
MD
LG