Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Жол боюна эстелик орнотууну тыюу сунушталды

Жол жээктеринде жол кырсыктарынан каза болгондорго эстеликтерди, аварияга учураган автоунаанын кузовдорун, каркастарын коюуга тыюу салыныш керек. Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңештин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети колдоду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Каныбек Иманалиев.Эми аталган долбоор жалпы парламенттик жыйынга чыгарылат.

Кыргызстандын негизги автожолдорунда, өзгөчө Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Суусамырдын ичинде, ашууларда жол кырсыктары көп катталат. Каза тапкандардын айрымдарына жакындары кырсык болгон жерге барып эстеликтерди орнотуп коюшкан. (RK)
XS
SM
MD
LG