Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Орусия менен Кытайдын өкмөт-башчылары газ келишимин талкуулап жатышат


Орус өкмөт башчысы В.Путинди (солдо) Бейжинде бүгүн кытайлык премьер В.Цзябао тосуп алды
Орус өкмөт башчысы В.Путинди (солдо) Бейжинде бүгүн кытайлык премьер В.Цзябао тосуп алды
Владимир Путин менен Вен Цзябао орус газын Кытайга 30 жыл бою сатуу жөнүндө келишимдин баасы тууралуу сүйлөшүүдө. Путин бул ирет Кытайга 160 адамдан турган делегация менен барган. Эки күндүк сапары учурунда тараптар 7 млрд.долларга бааланчу келишимдерге кол коюшаарын айтышты. Эртең Путин Кытайдын президенти Ху Цзиньтао менен жолугушат. Бул ирет орус өкмөтүнүн башчысы кытайлык лидерлер менен Сириядагы абалды да талкууламакчы. Өткөн аптада Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сирия боюнча резолюциянын долбоорун Орусия менен Кытай жактырбай коюшкан.

XS
SM
MD
LG