Кыргызстандык суучул Султан Букеев Индонезияда өтүп жаткан Азиянын сууда сүзүү боюнча чемпионатында эң мыкты көрсөткүчкө ээ боло алды. "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макештин билдиришинче, ал өспүрүмдөр арасында 200 метрлик аралыкты 2 мүнөт 28 секундда сүзүп өтүп, алтын медалга татыды. 10-13-октябрда өтүп жаткан эл аралык мелдешке Кыргызстандан 10 суучул катышууда. (KM/RK)