Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Ош шаарынын шайлоо бекеттери шайлоого даяр


Ош шаарындагы бардык шайлоо бекеттери шайлоого даяр. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абрахман Айтматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, шаар боюнча 73 шайлоо комиссиясы түзүлгөн. "Жалпысынан 120 миңден ашуун шайлоочу бар. Добуш берүүгө 10 күн калганга чейин шайлоочулар тизмеге кирген-кирбегенин тактап алышса болот. Ал эми алдын-ала добуш берүү шайлоого 3 күн мурун жүргүзүлөт» - деди Айтматов. Шаардык мэриянын маалымат кызматы белгилегендей, бардык шайлоо бекеттери байланыш менен камсыз болгон, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурабашы, өрт коопсуздугунун сакталышы камсыздалган. Шайлоо комиссияларынын төрагалары, жооптуу катчыларына семинарлар өткөрүлдү. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG