Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

БУУ: Ооганстанда апийим өндүрүшү өстү


Бириккен Улуттар уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, быйыл Ооганстанда апийим үрөөнү себилген талаанын аянты былтыркыга салыштырмалуу 7% көптүк кылат. Буга өлкөдөгү коопсуздуктун начардыгы жана баңгизаттарына баанын өскөнү себеп болду. Былтыркы баяндамада, тетирисинче, ооган жеринде апийим өндүрүшү себилген үрөөнгө илдет түшкөндүктөн кыскарганы көрсөтүлгөн болчу. Ооганстан дүйнөдө өндүрүлүп жаткан апийимдин көлөмү боюнча биринчи орунда турат. БУУнун отчетуна караганда, апийимдин өндүрүмү бул өлкөнүн ички дүң продуктусунун 9% түзөт.

XS
SM
MD
LG