Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Карыларга жакшылап каралашуу боюнча талкуу өтөт


Бишкекте бүгүн өтө турган бул иш-чара “Карылар аракетке үндөйт” деп аталган дүйнөлүк кампаниянын алкагында уюштурулуп жатат. "ХелпЭйдж Интернэшнл" уюмунун билдиришинче, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышмакчы.

Кары адамдар менен иштеген уюмдар аксакал-байбичелердин абалын жакшыртуу боюнча сунуштарын беришет.

Бул уюмдар атайын иликтөөнүн натыйжасында кары-картаңдарды жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишине катыштыруу, аларга мамлекеттик камкордукту, элетте шартты жакшыртуу, үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо өңдүү проблемалар өтө актуалдуу экенин аныктап чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG