Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

13-октябрга карата аба ырайы


13-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Калган аймактарда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3-8, күндүз 19-24,
Талас облусунда түнкүсүн 0-5 градус жылуу, күндүз 18-23,
Баткенде түнкүсүн 5-10, күндүз 18-23 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн абанын температурасы 7-12, күндүз 19-24 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2-7 градус нөлдөн жогору, айрым жерлерде 2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз 12-17,
Нарында түнкүсүн 2-7, күндүз 16-21.
Тоолордо түнкүсүн 7-12 градус суук, ал эми күндүз нөлдөн беш градуска чейин жогору болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 6-8 градус, күндүз 20-22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG