Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Украинанын юстиция министри: Тимошенконун жаза мөөнөтүн кыскартуу керек


Украинанын юстиция министринин айтымында, мурдакы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун жаза мөөнөтү кыскартылууга тийиш. Александр Лавринович бүгүн Киевде сүйлөп, Тимошенконун соту калыс өткөнүн, бирок экс-премьерди жети жылга эркинен ажыратуу өтө эле катаал чара экенин белгиледи. Украинанын кылмыш кодекси, министрдин сөзүнчө, Тимошенкого чыккан өкүм боюнча минимум жети жылга кесет. Ошондуктан, “Парламент Тимошенконун иши сыяктуу саясый жүйөөдөн жасалган мыйзам бузуулар боюнча беренени өзгөртүүсү зарыл”, - деди Украинанын юстиция министри.

Тимошенко 2009-жылы Россия менен түзүлгөн газ келишимин бекиткени үчүн бийлик укугун натуура пайдаланды деп, 11-октябрда жети жылга кесилген. Экс-премьерди саясый чечим үчүн кылмыш жазасына тартууну эл аралык коомчулук катуу сынга алган.

XS
SM
MD
LG