Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Таласта чипс чыгарган завод иштей баштайт


Талас шаарында 1-ноябрдан баштап чипс чыгарган завод ишке кирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева билдирди. Чипстен тышкары кургатылган картошканын топондору да чыгарылат. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 50 тонна картошканы иштеп чыгууга жарайт. Завод кыргыз-индиялык биргелешкен ишкана болуп эстилет. Индия өкмөтү анын ачылышына 2,5 миллион долларга жакын каражатты грант түрүндө бөлүп берген. Быйыл Таласта картошканын баасы арзан болуп жатканы айтылууда. Губернатордун маалымдашынча, жылда бул убакта баасы бир килограммына 10-12 сом болчу. Быйыл 5-6 сомдон сатуу башталды. Негизги себеп – суроо талаптын аздыгы. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG