Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Поездде жол жүрүү кооптуу болуп калганы айтылды


Кыргызстанда поездке түшүп жол жүрүү кооптуу болуп калды. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкина билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөлөргө товар ташыгандар жүгүн өзү менен кошо ала киришет. Жөнөкөй жүргүнчүлөргө бул бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда.

"Ошондуктан тейлөө маданияты деген жок болуп жатат. Поездде жүрүүнүн коопсуздугу сакталбайт. Жүк ташууга ылайыкташпаган вагондор оордукту көтөрө албай сынып жатат", - деди депутат.

Жүк ташыган атайын вагондор бар, бирок анын баасы кымбат экени айтылып келүүдө. Жүз миңдеген кыргызстандыктар Орусияга, Казакстанга товар ташып, соода менен алектенишет. (RK)

XS
SM
MD
LG