Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Бабанов: Биз сунуштаган экономикалык программа реалдуу


Кыргыз өкмөтү сунуштап жаткан экономикалык программа реалдуу. Бул тууралуу ушу тапта "Азаттыктын" окурмандары менен интернет-эрөөлгө чыгып жаткан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, кайсы бир программаны жазаардын алдында анын системасын иштеп чыгыш керек, максатын аныктап, планы түзүлүш керек. Бул талаптардын баары сакталганын Бабанов айтты. "Мурдагы программалар 200-300 барак болуп жазылчу. Биздин экономикалык программа 60 барактан турат жана ал реалдуу" деди Өмүрбек Бабанов.

Экономикалык тескөө министрлиги Кыргызстанды 2014-жылга чейин өнүктүрүү программасын жарыялаганы кабарланган. Ал программа өкмөт тарабынан жактырылып, парламенттин кароосуна жиберилди. Алдыдагы 3 жыл аралыгында 8 млрд. 300 млн. долларга бааланган 40 улуттук долбоорду турмушка ашыруу, мына ошол аркылуу экономиканын өсүшүн жыл сайын 8 пайызга жеткирүү каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG