Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Багдадда жардыруудан 15 киши набыт болду


13-октябрда Ирактын ордо калаасы Багдадда бир эле жерде эки жолу орун алган жардыруудан 15 киши набыт болуп, 50дөй адам жараат алды. Жардыруу шииттер басымдуу жашаган Сард районунда орун алды.

Полициянын маалыматына ылайык, биринчи жардыруу тар көчөдөгү үйдүн жанында болгон. Окуя болгон жерге эл чогула баштаган учурда экинчи жардыруу болуп, 15 кишинин өмүрү кыйылган.

12-октябрда Багдаддын ар кайсы жерлериндеги жардыруулардан 25 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG