Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Караколдо “Кыз ала качуу – кылмыш” деп аталган акция өтүүдө


Октябрь айынын биринен баштап Караколдо кыздын макулдугусуз үйлөнүү кылмыш экендиги жана аны тыюуга дале кеч эместиги тууралуу жаштарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" Ысык-Көлдөгү кабарчысы Мария Колесникова маалымдады. Бул акцияны бир катар бейөкмөт уюмдар өткөрүп жатышат. Ага он жылдан бери Кыргызстанда кыз ала качуу маселесин изилдеп келаткан америкалык социолог Рассел Клейнбах да катышууда. Шаардагы жогорку жана кесиптик окуу жайларда студенттерге атайын тартылган үч тасма көрсөтүлүп, талкуу жүрүп жатат. Былтыр ала качуунун курмандыгы болгон эки караколдук студент кыз өз өмүрүн кыйганы маалым болгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG