Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Мамлекеттик көзөмөл талап кылынган оорулардын түрлөрү аныкталды


Алдыдагы беш жыл аралыгында Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагы үчүн өзгөчө көңүл бурууну талап кылган оорулар деп жүрөк-кан тамыр, кургак учук, СПИД жана эне-баланын саламаттыгы аныкталды. Бул тууралуу 2012-2016-жылдар үчүн иштелип чыккан "Ден соолук" деп аталган улуттук программада айтылат. Ал өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын реформалоого багытталган.

Буга чейин «Манас» (1996 -2005 жж.) жана «Манас таалими» (2006-2011 жж.) деген программалар ишке ашырылган болчу. Кыргызстанда оорукана, бейтапканалардын дээрлик бардыгы мамлекеттик болуп эсептелет. Аларды өкмөт каржылайт. (RK)

XS
SM
MD
LG