Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Ташиев Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушууда

Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушууларын баштады. Кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалымдашынча, ушул тапта ал Базар-Коргон районунда эл менен жолугушууда. Ага чейин Майлуу-Сууда болуп, Кочкор-Ата шаарында өткөн кездешүүгө 4 миңдей адам келген. Суроо-жооп түрүндө өткөн жолугушууларда талапкер социалдык-экономикалык, саясый маселелер боюнча, өлкөнүн жалпы эле келечеги тууралуу өз пикирин билдирди. Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. (YA/RK)
XS
SM
MD
LG