Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Ооганстандагы АКШлык кошумча аскерлер 2012-жылдын аягына чейин калышат


АКШнын коргоо министри Леон Панетта Ооганстанга жөнөтүлгөн кошумча 33 миң аскердин көбү талиптер жана башка жоочуларга каршы күрөшүү үчүн өлкөдө кала беришерин билдирди.

13-октябрда Өкүлдөр палатасынын коргонуу иштери боюнча комитетинде сүйлөгөн Панетта 10 миң жоокер пландалгандай эле ушул жылдын этегине чейин үйлөрүнө кайтышат, калган 23 миң киши болжол менен эмки жылдын аягына чейин согуштук операцияларга катышуусун улантышат деди.

Президент Барак Обаманын баштапкы планы боюнча кошумча аскерлер кийинки жайда чыгарылмак. Талип согушкерлерине каршы урушуп жаткан эл аралык контингентти күчтөндүрүү максатында АКШ 2009-жылы кошумча 33 миң жоокерин Ооганстанга жайгаштырган. Ушул тапта ал жерде америкалык 90 миңдей аскер кызмат өтөөдө.

Расмий маалыматтарга караганда, АКШ жана НАТО жетектеген бейпилдик күчтөрү 3 жылдын ичинде коопсуздукту камсыздоону бара-бара жергиликтүү армияга өткөрүп, 2014-жылдын аягында согуштук бөлүктөрүн толугу менен чыгарууну көздөшүүдө. Ооганстанда машыктыруучу аскерлер эле калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG